7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аңчылыкка кеткен эки жарандын бирөөсү кайтып келген эмес

750

Сокулукта аңчылыкка кеткен бойдон кайтып келбеген жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-ноябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы «Кичи-Тоо» тоосуна 1961-жылы туулган А. Б. жана 1972-жылы туулган З. Д. аттуу 2 эркек киши аңчылыкка чыгышкан.

Ошол эле күнү А.Б. аттуу жаран түшкө маал кайра кайтып келген. Ал эми, экинчи жаран тоодо текенин артынан кеткен бойдон дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.

Бүгүн, дайынсыз болуп жаткан жаранды издөөгө 5 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

751