Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын Кыла айылы аркылуу өтүүчү Бишкек-Ош унаа жолунун 519+855 чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 28-ноябрь күнү саат 1:00 чамасында болгон. Анда, токтоп турган оор жук ташуучу Волва үлгүсүндөгү автоунаасынын артынан Д-Нексия үлгүсүндөгү унаасы катуу ылдамдыкта келип сүзгөн. Анын кесепетинен жеңил унаадагы 3 адам каза болду.
«Азыркы учурда унаалар убактылуу токтотуучу жайына токтотулуп, тийиштүү материалдар даярдалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат»,- деп берилет билдирүүдө.