7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүү кинодон тапкан «Зита жана Гита» тасмасынын каарманы тууралуу фактылар

849

«Зита жана Гита» тасмасындагы эгиздердин ролу менен белгилүү болгон индиялык актриса Хема Малини 1948-жылы 16-октябрда туулган. Хеманын балачагы Тамилнад штатында өткөн. Бул макалада актриса тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып беребиз.

1. Хема Малини бай үй бүлөдө туулган.

2. Хеманын чыгармачылыгы 1965-жылы «Панду покидает этот мир» тасмасындагы бийчинин ролу менен башталган.

3. Хема бийге шыктуу жана чырайлуу болгондуктан кинолорго сунуш түшүп тартыла баштаган.

4. Жаш актрисанын биринчи өнөктөшү Махеш Каулдун «Кыялдагы сатуучу» тасмасына тартылып атактуу Радж Капур менен бирге роль жараткан.

5. Хеманын апасы кинорежиссёр болгон. Ал анын чыгармачылыгына түрткү болгон.

6. Режиссерлор аны позитивдүү каарман катары аташып, мүнөзү жумшак, боорукер жана сабырдуу деп айтышат.

7. «Зита менен Гита» комедиясында Хема сырткы келбети окшош эгиз кыздардын ролун жалгыз өзү ойногон. Анда кыздардын келбети окшош, бирок тарбиясы, мүнөзү такыр башка болгон. Бул роль актрисанын талантын ачууга жардам берген. Хема коомчулукка мимикасы, кыймыл-аракети, жарашыктуу ролу менен элдин сүймөнчүлүгүнө айланып, бир эле Индияда эмес, дүйнө жүзүнө таанымал болгон.

8. Малини актрисалыкты гана эмес, режиссерлукту жана продюсерликти да өздөштүргөн. Драхмендра ( “Гита менен Зита”тасмасындагы Зитанын күйөөсү) менен Хема келишим түзүп, ондон ашык тасма тартышат жана алардын тарткан тасмаларынын арасынан өзү катышкан «Кыялдагы кыз» тасмасы актрисага атактуулукту алып келет.

9. Хема Малининин жеке жашоосунда кызыктуу окуя болгон. Бай жана тектүү үй-бүлөдөн чыккан сулуу кызга ата-энеси өзүнө татыктуу жигитке турмушка чыгышы керек деп кастинг уюштурган. Ал ар кандай жигиттер менен таанышып, бирок, бир дагы талапкер сулуунун жүрөгүн багындыра алган эмес.

10. Хема өзүнөн 14 жаш улуу аялы жана 4 баласы бар Драхмендраны жакшы көрүп калган. Ата-энесинин каршылыгына карабай сүйүүсү үчүн күрөшүп Драхмендрага 2 аял болуп турмушка чыгууга макул болгон. Бирок Индиянын мыйзамдары жана үрп-адаттары бул учурда ажырашууга да, көп аял алууга да жол берген эмес. Бирок 1980-жылы Хеманын атасы көз жумгандан соң, каршылыктарга карабай Драхмендра менен баш кошушкан.

11. Жубайлар Эша жана Ахана аттуу кыздарын тарбиялап өстүрүшкөн, алар апасынын жолун жолдоп, бала кезинен бий өнөрүн үйрөнүшкөн.

12. Азыркы учурда Хема Индиянын парламентитинин мүчөсү болуп эмгектенет, жана кошумча бийге кызыккан кыздарга бийден сабак берет.

13. Хема Instagram жана Twitter баракчаларына чыгармачылыгы тууралуу жаңылыктарды жарыялайт, бирок жеке жашоосу тууралуу жарнамалабайт.

14. Анын жолдошу Драхмендра учурда Индияда парламенттин мүчөсү болуп иштейт. Ал биринчи турмушундагы балдары менен такыр катташпай калган. Бирок, анын эки баласы атасынын жолун жолдоп Индияда белгилүү актерлор.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

850