7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курултай күнү төрөлгөн үч эмге Садырбек, Камчыбек, Ынтымак деген ысым берилди (ФОТО)

2058

Бишкектеги төрөтканалардын биринде 41 жаштагы Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылынын тургуну Назира Жакыпова 25-ноябрь күнү үч эм төрөдү. Бул тууралуу 7-каналга абысыны Гүлзат айым билдирди.

Маалыматка караганда, үч эмдин экөөсүнө өлкө башчы Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты коюлган. Ал эми, алардын ортосундагы ынтымакты үчүнчү эмге беришкен.

«Курултай күнү эртең менен саат 09:40та көз жарды. Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө чоң салым кошкон, элибиздин тынчтыгын сактаган президентибиз Садыр Нуркожоевичтей жана Камчыбек Кыдыршаевичтей инсандардан болсун деп Садырбек, Камчыбек, Ынтымак деген ысым ыйгардык. Учурда эне жана балдардын абалы жакшы», — деди абысыны.

Ымыркайлардын үчөө тең уул.

Буга чейин жубайлар 2 уул, 2 кызды тарбиялап келишкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2059