Москвада 84 жаштагы байбиче 91 жаштагы абышкасын ала жипти аттагандыгы үчүн сабап, күйөөсү алган жараатынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал окуя болгон күнү борбордогу ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын денесинде көгала тактар болгонун тастыкташкан. Маркум өлөөр алдында дарыгерлерге аялы аны аёосуз сабаганын айтууга жетишкен.