7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Шакиев АКШнын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

432

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Алгач Төрага Лесли Вигерини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, “Элчи катары Кыргызстан менен Американын кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө көмөктөшөсүз деген терең ишеничтемин”, – деди.

Муну менен катар Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттары менен өз ара ишенимге негизделген конструктивдүү алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, анын ичинен парламенттер аралык байланышты чыңдоо зарылчылыгына токтолду.

“Акыркы жылдары пандемиядан улам солгундап кеткен Жогорку Кеңеш менен АКШ Конгрессинин ортосундагы мамилени өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Андыктан алгачкы кадам катары Демократия үчүн өнөктөштүк комиссиясынын алкагында АКШ Конгрессинин алдында “Кыргызстандын достору тобун” түзүүнү каалайбыз. Ошондой эле парламенттик делегациялардын эки тараптуу иш сапарларын уюштуруп, биргелешип иш алып баруу учур талабы”, – деди Нурланбек Шакиев.

Андан тышкары жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин Төрагасы аталган багыттагы алаканын деңгээли канаттандырарлык эмес экендигин кошумчалады.

“Буга байланыштуу кыргыз-америка бизнес форумун уюштуруу менен инвестиция тартуу жаатында тыгыз кызматташуубуз кажет”, – деген Нурланбек Шакиев Американын компанияларын Кыргызстандын инвестициялык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып кетүүгө чакырды. Ошондой эле Төрага Америкага виза алуу шарттарын жеңилдетүү менен анын колдонуу мөөнөтүн узартуу сунушун берди.

Өз кезегинде Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында эки өлкөнүн алакасын арттырууга басым жасарын айтып, анын ичинен экономика, айлана-чөйрөнү коргоо жана билим берүү жаатында иш алып барарын билдирди. Мындан сырткары, креативдүү, санариптик жана жашыл экономика багыттары да артыкчылыкка ээ экенин кошумчалаган элчи: “Бул жолугушууда айтылган бардык сунуштар да каралат”, – деди.

Айрыкча виза маселесине кеңири токтолгон Лесли Вигери жакында эле виза алууга кетүүчү убакытты 2 жылдан 60 күнгө кыскартуу чечими кабыл алынганын маалымдады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

433