Мурдагы саясатчы Нурлан Мотуев жубайы менен расмий түрдө ажырашты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан кайрылуу жасады.
“Мен келинчегим Элнура менен расмий түрдө ажыраштым. Ажырашкан соң анын банктагы эсебине батир жана унаа келчи акча салып бердим. Ажырашуунун себептери көп, 3 жыл жашаптырбыз экөөбүз. Менин оор күндөрүмдө 27 жаш кичүү экенине карабай тийген, анысына рахмат . Башында жакшы эле болчу. 23 жашында турмушка чыкты. Карызын төлөп бергем, — деди Нурлан Мотуев.
Ошондой эле ал жубайынын көптөгөн карыздарын төлөп бергендигин, аялы төркүнүнөн көп суммадагы мүлк алгандан кийин өзгөрүп кеткенин кошумчалап, ажырашкан себептерин айтып берген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram