Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сафаровка айылында 8-класстын окуучусу сабалып, көз жумган. Окуучу кечээ, 2-мартта жерге берилди. Ал үй-бүлөдөгү 5 бир туугандын экинчиси болгон.
Мугалимдин айтымында маркум үлгүлүү балдардын катарын толуктаган.
«Мага саат 15:20да 9-класстын класс жетекчиси байланышып, ооруканага түшүп калгандыгын айтты. Анда биз мектепте болчубуз. Окуя биздин мектептин короосунда болгон эмес. Ооруканага барыбыз жетип бардык. Эң жакшы окуган тартиптүү бала болчу. Шектүү катары кармалган балдардын экөө бизде окуйт»,- деди мектеп директору Даткайым Нуралиева.
Посмотреть эту публикацию в Instagram