7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта 8-класстын окуучусу ур-токмоктон улам каза болду

781

Сузакта 8-класстын окуучусу ур –токмоктон улам каза болду. Бул тууралуу 7-каналга Сузак РИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Сузак районунун тургуну чалып, 1-март күнү саат 16:30 чамасында иниси Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу 2008-жылы туулган Т.М. өзү окуган мектептин аймагында сырттан тааныш болгон балдар уруп денесине залал келтиришип, окуя болгон жерден качып кетишкендигин, ал эми иниси аймактык ооруканасына алып келгенде өзүнө келбей каза болгондугун билдирген.

Бул маалымат Сузак РИИБдин МЭЖне катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип фототаблицасы түзүлгөн. Ал эми, 2008-жылы туулган баланын жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факты боюнча КЖКнын 122-беренеси (Адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1-март күнү Сафаровка айылында жайгашкан эски мектептин имаратынын ичинде, Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Сафаровка айылынын тургундары, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары 2006-жылы туулган Д.М., 2006-жылы туулган Ю.Ж., 2007-жылы туулган С.А., 2007-жылы туулган А.Ө. жана ошол эле мектептин 9-классынын окуучулары 2008-жылы туулган Т.М., 2007-жылы Э.Э. , 2008-жылы туулган И.Б., 2007-жылы туулган К.М., 2007-жылы туулган Ж.Т. бир катарга тизип алып “эмнеге түндөсү көчөгө чыкпай жатасыңар” деп колдору менен уруп жатышкан учурда, бала денесине келтирилген жарааттан улам жерге жыгылып, башы дубалдын кырына тийип жарылып, денесинен оор жарат алган жана окуя болгон жерде каза болгондугу такталган.

Кылмыш иши боюнча КРнын КЖПКнын 96-бер негизинде, окуяга шектүүлөр Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

782