Бишкек шаарында милиция уурулукка шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-февралда Биринчи Май РИИБине жаран И.А. арыз менен кайрылып, 22-февраль күнү мыйзамсыз бухгалтердин кабинетине кирип 30 миң сомдук темир сейфтин ичиндеги 33 миң 200 доллары, документтери менен уурдап кеткен жарандарды таап, чара көрүүнү суранган.
Бул факты боюнча Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган О.Э., 1998-жылы туулган Т.Ж., жана 2001-жылы туулган Б.Н. кармалышкан.
Алар тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин Бишкектин Биринчи Май райондук соту шектүүлөргө карата үй камагына алуу чечимин чыгарган.
Кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүүлөрдүн биринин жашаган жерин тинтүү учурунда 31 миң 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча табылып, алынган. Мындан тышкары, кылмышка шектүүлөр материалдык далилдерди жок кылуу максатында уурдалган сейфти БЧКга ыргытып салышкан. Суучулдар сейфти БЧКдан алып чыгышкан.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram