7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

TikTok’ко өспүрүмдөр үчүн жаңы чектөөлөр киргизилет

396

TikTok өспүрүмдөр үчүн колдонуу убактысын күнүнө 60 мүнөткө чейин чектейт. Бул тууралуу “The Verge” кабарлады.

Өзгөрүүлөргө ылайык, 18 жашка чейинки колдонуучуга таандык ар бир аккаунт автоматтык түрдө суткасына 60 мүнөт тиркемени колдонуу менен чектелет. Уруксат берилген чектин аягында өспүрүмдөр социалдык тармакты колдонууну улантуу үчүн паролду киргизүүнү талап кылат.

13 жашка чыга элек колдонуучулар ата-энеси же жакынына сыр сөз берилип, уруксат берилсе гана кошумча 30 мүнөттүк видео көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

«Иштеп чыгуучулар «Үй-бүлөлүк жөндөөлөргө» кошумча функцияларды кошот. Мисалы, жашы жете элек колдонуучулардын ата-энелери же жакындары каалаган мөөнөттү өз алдынча белгилей алышат. Ошондой эле жуманын күнүнө жараша мөөнөттүн башка узактыгын белгилей алышат. Бирок ата-энелер TikTok эскертмелерин өспүрүмдөр үчүн график боюнча өчүрө алышат. Учурда 13-15 жаштагы колдонуучулар саат 21:00дөн, ал эми 16-17 жаштагы өспүрүмдөр 22:00дөн баштап билдирмелерди алышпайт. Мындан тышкары, өспүрүмдөр TikTokто канча убакыт өткөргөндүгү жөнүндө ата-энелер жума сайын отчет алышат»,- деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, өзгөрүүлөр жакынкы убакытта иштелип чыгып, бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

397