7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Унаанын үстүндөгү жаран менен кошо арыкка кирип кеткен». Жол кырсыктын видеосу тарады

948

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги жол кырсыктын видеосу менен бөлүштү.

Видеону тарткан жарандын айтуусунда чырдан кийин аял күйөөсүнөн унаа менен качып кетүүгө аракет кылганын айткан. Ал эми, күйөөсү унаанын үстүнө жармашып алганын видеодон да көрүүгө болот. Аял унааны айдаган бойдон чоң жолго чыккан. 

Аял унааны башкара албай калып, унаанын үстүндөгү киши менен арыкка кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен киши унаадан оодарылып, дубалга тийген. Бирок бул ордунан туруп, аялды бир нече жолу чапканга жетишкен.

Окуя кандай аяктаганы азырынча белгисиз, милиция маалымат бере элек.

Эскертүү: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

949