Бүгүн, 2-мартта Жогорку кеңештин жыйынында Шайырбек Ташиев электрондук тамеки чегүүгө тыюу салыш керек экендигин билдирди.
Акыркы жылдары жаштар арасында, айрыкча кыз-келиндер арасында электрондук тамеки чеккендер көбөйдү. Бул Кытайдан келет экен. Курамында эмне бар экенин эч ким билбейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги десе эле ооруну айыктырат дейбиз, алдын алуу зарыл. Азыртан көзөмөлдөп, алдын алышыбыз керек. Депутаттар сүйлөшүп мыйзам даярдап,тыюу салалы», — деди ал.