Сокулукта кошунасы 9 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-февралда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө аял кайрылган. Анын 2013-жылы туулган кызына кошунасы 2022-жылдын декабрь айынан бери адепсиз жоруктарды жасап, сексуалдык ыдык көрсөтүп келгенин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аталган факт Сокулук РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин (адепсиз жорук) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишин тергөө учурунда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иши боюнча дайындалган экспертизалардын корутундусу боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык процессуалдык чечим чыгарылат.