7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде алты айылдын жашоочулары акысыз медициналык текшерүүдөн өтө алат

385

Репродуктивдүү курактагы аялдарды жана өспүрүм кыздарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылына медициналык көчмө мобилдик клиника келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Көп тармактуу бригада (онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УЗИ адиси) ооруну алгачкы этапта аныктоо, дарылоо-профилактикалык жардам көрсөтүү максатында Баткен районунун эң алыскы айылдарынын тургундарын медициналык кароодон өткөрөт. Кошумча медициналык текшерүүнү же адистин кеңешин талап кылган оору аныкталса, дарыгерлер адистештирилген медициналык мекемелерге тиешелүү сунуштарды беришет. Ошондой эле, текшерүүнүн жыйынтыгы бейтаптарды андан ары көзөмөлдөө жана башкаруу үчүн райондук уюмдардын жетекчилерине өткөрүлүп берилет.

Мобилдик клиника ар кандай климаттык жана географиялык шарттарда бейтаптарды текшерүү жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн бардык керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган.

Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери «Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча Кыргыз Альянсы» бейөкмөт уюмунун жана Улуу Британиянын Өкмөтүнүн жана БУУнун Калкты жайгаштыруу Фондунун (ЮНФПА) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн техникалык колдоосу менен жергиликтүү тургундар арасында репродуктивдүү ден соолук маселелери, гендердик зомбулукту чечүүдөгү гендердик нормалар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Баткен районундагы мобилдик клиниканын иштөө графиги:

— 1-март — Самаркандек айылы, М.Салихов атындагы орто мектеби

— 2-март — Көк-Таш айылы, Ш. Гана атындагы орто мектеби

− 3-март – Ак-Сай айылы, Ак-Сай орто мектеби

— 4-5-март — Кара-Бак айылы, Б.Нарматов атындагы орто мектеби

— 6-7-март — Кызыл-Бел айылы, А.Масалиев атындагы орто мектеби

— 8-март — Боз-Адыр айылы, Б.Акматов атындагы орто мектеби

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

386