7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен менен Ошко жаңы өрт өчүрүүчү унаалар келди

738

Бүгүн, 14-мартта Баткен жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө өрт өчүрүүчү унаалар тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ошко 10 «HOWO», 7 «KAMAZ» өрт өчүрүүчү авто унаа жана 1 «HOWO» берилсе, Баткенге 10 «HOWO», 4 «KAMAZ» өрт өчүрүүчү авто унаа жана 1 «HOWO» авариялык-куткаруу унаасы тапшырылды.

Заманбап өрт өчүрүүчү жаңы авто унааларды тапшыруу аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышып, жаңы унаалар атайын машыгууларда гана кызмат көрсөтүшүнө тилектештигин билдирди.

Эске салсак, ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөн жылы да 4 өрт өчүрүүчү авто унаа жана жүргүнчүлөр үчүн 6 автобус алып келинген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

739