7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кең аалам мен үчүн тар сезилип, жан дүйнөм жанчылып, жүрөгүмдөн кан агып жатты…»

915

«Анын боюнда бар деди, эмне деп жатасың деп кала бердим… Жер астын-үстү боло түшкөнсүдү. Кулагым чуулдап эч нерсе укпай калдым, эмне кылаарымды билбедим, өлгүм келди. Бирок, бешиктеги баламды ойлоп жерге батпадым. Чыңырып ыйлап жаттым, баары бүттү дедим…»

Анда эмесе сөз башынан болсун. Бул каарман башынан өткөн окуя тууралуу биздин редакциябызга кайрылып, баяндап берди. Суранычы менен анын аты-жөнү берилген жок.

«Жолдошум экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп, бири-бирибизди жактырып баш кошконбуз. Жашообуз эл катары уланды. Сүйүктүүм жанымда, менден бактылуу адам жоктой сезилди. Уулдарды, кыздарды төрөп берип, балдарды карап үйдө отуруп калдым. Жогорку окуу жайды да ийгиликтүү бүтүрдүм. Балдарым жаш болуп иштеген жокмун, он жыл бала менен үйдө болдум. Жолдошум иштеп жатты. Анын көзү менен тең айландым, ушунчалык сүйчү элем. Мал алып бага баштадык. Үйдө бала карап, үйдү да  сыртты да  тейледим. Топтогон малды сатып жолдошум жаңы унаа алды. Күндөр ушинтип тиричилик менен өтө берди.

Биз чогултуп баштаган акчадан эмнегедир күйөөм көп корото баштады. Акыры себебин суроого туура келди. «Унаамды оңдогонго кетип жатат» — дегенден башка жооп ала албадым. Ага дагы көндүм, бирок, үйгө кеч келе баштады. Акыры келбей да калчу болду. Суроолорума ар кандай шылтоону айта берди. Мен ага ушунчалык ишенчүмүн, такыр сурап көңүлүн ооруткум келчү эмес…

Бир күнү эле кечинде ал «сага бир нерсе айтышым керек»- деди. Кубанып кеттим, эмнегедир оюмда жакшы белек күтүп жаттым эле. Сүйүнгөнүмөн бетинен дагы өпкүлөп жибердим. Бирок, ал ойлуу эле, башкача болуп турду… «Бол айтчы чыдамым кетип бара жатат»- дедим. Ал муңдуу абалда жерди тиктеп, «анын боюнда бар! Мен бир кыз менен сүйлөшүп жүрөм, суранам чыр чыгара көрбө. Эгер сен чыр чыгарсаң баланы боюнан алдырат. Бейкүнөө баланын убалына каласың»- деди. Ошол күндөн баштап мага тозок башталды. Жер кучактап ыйлап жаттым. «Ушунчалык мен ишенген, мен сүйгөн балдарымдын атасы мени алдайт беле»- деп ишенгим келген жок. Ал ким экенин айтпады, көз алдыман ар кандай кыз келиндерди өткөрө баштадым. Акыры «макул, чыр чыгарбайм айт» —  дедим. Жолдошум «ал айылдагы фельдшер келин…» — деген бойдон туруп калды. 

«Кантип? Кандайча? Мүмкүн эмес… Мен эмнеден ката кетирдим? Балким менин күнөөмдүр, жолдошума жакшы көңүл бурган жокмун го» —  деп өзүмдү жемеледим. Миңдеген ойлор келди, башым жанчылмак тургай жарылып кете жаздады. Аялзатына бул эң оор нерсе экен. Аябай стресс болдум. Кең аалам мен үчүн тар сезилип, жан дүйнөм жанчылып жүрөгүмдөн кан агып жатты. «Мага экинчи жолобо! Эми баары бүттү, жогол!» —  деп айттым. Мен азыр баарын чакырып айтам десем, ал мени катуу сабады, болгондо да катуу жанчып сабап салды. Мен сүйгөн мырза көз алдымда желмогуз көрүндү. Ошол күндөн баштап ага болгон сүйүүм түбөлүк өчтү. Жүрөгүмдө бир аз дагы сезим жок калды. Баарына өзүң күнөөлүсүң. Эми менден жакшылык күтпө…Мына эми мага күч кирди. Ага өчөшүп мен экинчи жолу окууну чечтим. Окууга тапшырып, жумушка орноштум. Балдарымды багып дагы жетишип жаттым. Акча чогултуп батир, унаа алдым. А сен эмне болдуң? Укмуш деген фельдшериң таштап кетти. Канча күн, канча түн, канча жыл ыйладым, ар бир көз жашыма жооп бересиң. Ошол бактылуу үй-бүлөбүздү бузган адам сен болбосоң, биз түбөлүккө бактылуу болмокпуз. Тилекке каршы, сен аны түшүнбөйсүң.

Бирөөнүн кайгысына эч качан бактыңды кура албайсың. Кунаажын көзүн сүзбөсө бука кайдан жибин үзсүн. Азыркы жашоомо шүгүр. Бизнес баштап, жетекчи болдум. Аа сенчи?…»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

916