Кыргызстандын жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Чымкет шаарында өткөн Азия кубогунда 11 медаль (6 алтын, 5 күмүш) жеңди.
Мелдеш 19-22- март күндөрү өтүп, 13 мамлекеттен келген 153 спортчу катышты. Чемпионат алтай, түрк жана казак эрежелери боюнча өттү.
Кыз-келиндер арасында Асел Садырова түрк эрежеси боюнча 1-орун, алтай стилинде 2-орунду ээледи. Ал эми Улан Араев түрк стилинде жана алтай стилинде 1-орунду камсыз кылды. Ынтымак Мурадил уулу түрк жана алтай стилинде 2-орунду ээлеген. Түрк путасы боюнча Улан Араев 1-орун, Ынтымак Мурадил уулу 2-орун жана Асел Садырова 1-орунду ээлешти. Алтай путасы боюнча Улан Араев 1-орун жана Ынтымак Мурадил уулу 2-орунду касыз кылышты.
Белгилей кетсек, жаа атуу боюнча улуттук курама командасы командалык эсеп боюнча экинки орунду ээледи.