Астаналык жаран тууганына жарым миллион долларын бербеш үчүн киллер жалдаган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты.
57 жаштагы аял бул сумманы тууганына сактоо үчүн берген, ал болсо ою бузулуп акчаны бербей коюуну чечкен. Киллер жалдап, ага алдын ала 1 миллион теңгеге (10 млн) сүйлөшүп, жабырлануучунун сүрөтүн жана башка маалыматтарды берген.
Ошол эле күнү милиция жалданма киши өлтүргүчтү кармап, буйрутма берген жаранды кармоо үчүн аялдын «өлтүрүлүп жаткан» учурун жасалма аткарышкан. Ошентип аял кармалган.