«Жер сулуусу-2022» сынагына Кыргызстандын атынан Айжан Чаначева катышып жатат. Бул тууралуу социалдык баракчасында өзү билдирген.
Маалыматка ылайык, учурда сынак Филиппинде өтүп жатат. «Жер сулуусу-2022» сынагына дүйнөнүн 89 өлкөсүнөн келген сулуулар катышат. Сынактын жеңүүчүлөрү 30-ноябрда аныкталат.
Эскерте кетсек, Айжан Чаначева 2019-жылы «Кыргызстан сулуусу» сынагынын жеңүүчүсү болуп, эл аралык сынакка катышууга жолдомо алган.