Жалбыз көптөгөн пайдалуу касиеттерге ээ өсүмдүк. Негизи жалбызды көпчүлүгүбүз тамак-ашка колдонуп, салаттарга же коктейл суусундуктарына жалбырактарын кошуп кооздук үчүн дагы колдонуп келишет. Мындан тышкары бул өсүмдүктүн ден-соолукка канчалык пайдасы бар экенин билесизби?
- Жалбыздын жыты жүрөк айланууну жакшыртат.Анын жалбырактарын чайноо бул баш айланууну басаңдатат.
- Жүрөктүн кагышын жакшыртып, тынчсызданууну же стрессти жоет.
- Уйкусуздукка кабылган адамдар үчүн эң жакшы дары болуп эсептелет.
- Жалбыздын жардамы менен артрит жана спазм жакшырышы мүмкүн.
- Нерв системасын жөнгө салат жана тынчсызданууну басаңдатат.
- Токсикоздон арылууга жардам берет.
- Тамак сиңирүү органдарынын ишин жакшыртат
- Күйүк, шишик, ич катууну басаңдатат.
- Жалбыз терапияда да колдонулат.
- Жалбыздан жасалган суу жана спирт тундурмалары терини дезинфекциялайт, кесилген жерлерди айыктырууга көмөктөшөт.
Reply
Copy Selected Text
Pin
Forward
Select
Delete