Соцфонд 2021-жылдын январь-сентябрь айларында 50725 жаранга пенсия чектеген. Бул тууралуу аталган кызматтын расмий сайтында кабарланды.
Азыр Кыргызстанда 648 миңге жакын жаран пенсия алат. Алардын 38 пайызынын алган акчасы жашоо минимумуна жетпейт. Ошондо, пенсия алуучулардын 13 пайызына 4 миң сомго чейин, ал эми 14 пайызына 3 миң сомдун тегерегиндеги акча төлөнөт.
Социалдык фонд мурда пенсияга деп 3,5 миллиард сом сарптачу. Ушул айдан баштап пенсияга деген каражат 3,8 миллиард сомду түзүп калат.