Чүйдө төрөттөн кийин көз жумган 36 жаштагы келин 12-февралда жерге берилди. Буга чейин милиция маалымат таратып, келин 10-февралда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүнө түшкөнүн, көз жаргандан соң, эртеси каза болгонун билдирген.
«Бул эжемдин 9-төрөтү болчу. Эжемдер буга чейин Токтогулда турушчу. Ал жердеги үйүн сатышып, Кара-Балтага көчүп келишкен. Бул жакка көчүп келгени төрөтканага барып, дарыгерлер менен сүйлөшүп, ушул жакта төрөрүн айтып келгенин айткан. Эжем кечээ, 12-февралда жерге берилди. Балдарынын улуусу 18 жашта. Азыр жаңы төрөлгөн ымыркай төрөтканада, абалы жакшы дешти. Кечээ сиңдим барып көрүп келди»,- деген келиндин сиңдиси «Сереп Медиа» агенттигине.