7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

9-майда Бишкекте Дима Биландын катышуусунда концерт өтөт

315

9-майда Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык чоң концерт өтөт. Концерт саат 17:00дө башталып 22:00гө чейин уланат.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, концерттик программага кыргыз эстрада жылдыздары, ошондой эле россиялык Radio Tapok, Amirchik, Тима Акимов, Татьяна Куртукова сыяктуу белгилүү артисттер жана Россиянын эмгек сиңирген артисти Дима Билан катышат.

Фестивалга Россиядан 70 реконструктор келип, Бишкектин борборунда Улуу Ата Мекендик согуштагы орус жана кыргыз элдеринин эрдигине арналган 15 интерактивдүү аянтча уюштурулат. Мындан тышкары, Бишкекке 8 ретротехника алып келинери белгиленди. Иш-чара минкаб жана мэрия менен биргеликте уюштурулмакчы.

316