7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коргоо министри Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады (ФОТО)

202

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов баш болгон министрликтин жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады.

Бишкектеги алты ардагерге министрликтин аскердик-көрсөтмө оркестри, Улуттук гвардиянын ардак кароол ротасынын аскерлери концерт тартуулап, мындай куттуктоо башка аймактарда болгон.

Министрликтин маалыматы боюнча, 360 миңден ашуун мекендеш Улуу Ата Мекендик согушка кетип, алардын 160 миңден ашууну согуштан кайтып келген эмес. Жарымынан көбү медаль жана ордендер менен сыйланган, 74 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры, ал эми 26сы Даңк орденинин толук кавалери болгон.

Быйыл Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын Кыргызстанда согуштун 14 катышуучусу белгилейт.

203