Бүгүн, 9-ноябрда айрым аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12
- Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9 градус жылуу болот.
- Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт, түнкүсүн -7…-9° суук, күндүз 4…6° жылуу болушу күтүлөт.