Кечээ, 8-ноябрда парапетти сүзгөн «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаанын видеосу социолдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ күнү түшкө маал болгон. 39 жаштагы Т.Б. аттуу жаран Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө айылынан унаасы менен көмүр жүктөп бара жатып, Боом капчыгайына келгенде, жолдун ортосундагы парапетти сүзүп алган.
Жол кырсыгынан жаракат алган жарандар болгон жок.