9-ноябрга карата бир суткада коронавирус 54 адамдан аныкталып, 77 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.
- Бишкек шаарында – 25,
- Чүй облусунда – 1,
- Ош облусунда – 1,
- Талас облусунда – 4,
- Нарын облусунда – 1,
- Ысык-Көл облусунда – 13,
- Жалал-Абад облусунда – 7,
- Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.
Пандемия башталгандан бери 181 миң 936 адам коронавирус жуктуруп алган.