Бүгүн, 9-октябрга карата коронавирус 66 адамдан табылып, 80 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб кабарлады.
Маалыматка ылайык, эки бейтап каза болду.
- Бишкек шаарында – 39,
 - Чүй облусунда – 12,
 - Ош облусунда – 2,
 - Талас облусунда — 3,
 - Ысык-Көл облусунда – 8,
 - Жалал-Абад облусунда – 1,
 - Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.
 
Учурда стационарларда коронавирустан 446 бейтап, амбулатордук түрдө 680 адам дарыланууда.
Жалпы 179 миң 186 адам коронавирус жуктурган.



