Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 9-октябрь түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Талас жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда — түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15
- Талас облусунда — түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10
- Баткен облусунда — түнкүсүн +7…+12, күндүз +13…+18
- Ош, Жалал-Абад облустарында — түнкүсүн +7…+12, күндүз +13…+18
- Ысык-Көл облусунда — түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13
- Нарын облусунда — түнкүсүн -1…+4, күндүз +12…+17
- Бишкек шаарында жаан-чычын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…+4 градус, күндүз +12…+14 градуска жетет.