Бүгүн, 9- октябрда Дүйнө чемпионатына катышкан кыргызстандык балбан кыздарды күйөрмандары аэропорттон тосуп алышты.
Маалыматка ылайык, Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты эртең соңуна чыгат.
Дүйнө чемпионатында байге алып келгендер:
- Айсулуу Тыныбекова алтын;
- Мээрим Жуманазарова алтын;
- Айпери Медет кызы коло;
- Эрназар Акматалиев күмүш;
- Алибек Осмонов коло байге тагынды.
Ал эми бүгүн, грек-рим күрөшүнөн 60кг салмакта Жоламан Шаршенбеков молдовалык Виктор Чобану менен алтын үчүн беттешет.