Президент Рамзан Кадыровдун 22 жаштагы кызы Айшат Кадырова Чеченстандын маданият министри болуп дайындалды. Бул тууралуу кечээ, 8-октябрда жергиликтүү ММКлар жазып чыкты.
Айшат Кадырова мындан бир жыл алдын маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалган болчу. Ошол учурдагы министр Хож-Бауди Дааев «Айшат министрликке келгенден бери иш жанданды, ал өлкөнүн маданиятына жаңылык алып күрүүдө» -деп мактаган. Учурда кызматынан кол жууп олтурат.
22 жаштагы Айшат Кадырова мамлекеттик кызматтан сырткары апасы Медни Кадырова негиздеген «Firdaws» мода үйүн жетектейт. Анын мусулман ялдарына арналган көйнөктөрү Грозный, Москва, Дубай, Франциядагы мода көргөзмөлөрүнө катышып, алкоого алынган. «Firdaws« мода үйүнүн хиджап көйнөктөрү 2020-жылдын 25-февралында Париждеги мода көргөзмөгө да катышкан. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы кеңири репортаж даярдап, Айшаттын өзүнөн да интервью алууга жетишкен.
Айшат Рамзан Кадыровдун тун кызы, 1998-жылы Центаро аймагында төрөлгөн. 2016-жылы Чечен Мамлекеттик Университетинин Экономика факультетине тапшырган. Ушул эле жылы турмушка чыгат. ММКдагы маалыматтарга ылайык ал, атасынын мамлекеттик кызматтагы жакын досунун уулуна турмушка чыккан.
Айшат өзүнүн жаш экендигине карабай эл аралык деңгээлде таанылган инсан. Ал жетектеген «Firdaws» мода үйүнүн ийгилиги бир тең, аны удаа ээрчиген ушак айың, терс пикирлер бир тең. АКШ 2020-жылы Айшат Кадыровага жана анын апасы менен сиңдисине санкция киргизип, 10 жыл аралыгында АКШга кирүүсүнө тыюу салган.
Ага себеп, бети ачылбаган адам өлтүрүү жана кыйноо фактысы бар деп түшүндүрөт. «Би Би Си» орус кызматы жазган маалыматка ылайык, Айшат модалуу хиджап көйнөктөрүн гана көрсөтпөстөн, Парижге интимдик аксессуарларды, ич кийимдерди саткан магазин да ачкан. Бул тууралуу 2017-жылы ММКлар жазып чыккан. Белгилүү болгондой Чечнияда анын магазининде сатылган аксессуарларды сатмак түгүл сөз кылуу табу, мүмкүн эмес.