Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Жарым финалда Азербайжандык Мурад Маммадовту 4:2 эсебинде жеңип алды. Оюндун жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.
60 килограмм салмакта күрөшкөн Жоламан Шаршенбеков алгачкы упайын атааңдашын чийинден сыртка түртүп чыгарып, экинчисин далысын килемге тийгизип чогултса, акыркы чечүүчү 2 упайды чийинден сыртка көтөрүп чаап утуп алды.
Эске чалсак чейрек финалда грузиялык Ираклий Дзимистаришвили менен беттешип, далысын басуу менен таза жеңишти камсыздаган.