Америкада полициянын огунан каза болгон трактын айдоочусу Кыргызстандын жараны экендигин Тышкы иштер министрлиги тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя 5-октябрда Пенсильвания штатында катталган. Трак айдап иштеген 1993-жылы туулган М.Н. аттуу Кыргызстандын жараны, полицияга тиешелүү унааны сүзүп алып, качып кеткен.
Артынан түшкөн полиция аны унаа токтотуучу жайдан таап, пистолет такап, багынып берүүсүн талап кылышкан. Айласын таппаган айдоочу тракты айдап качууга аракет кылып, полицияга тиешелүү болгон даагы 2 унааны сүзүп алган. Ошол учурда күч түзүмдөрү ок чыгарып, айдоочу жарадар болгон. Алган жараты оор болгондуктан ошол жерден эле жан берген.
АКШдагы элчилик, АКШнын Мамлекеттик департаментине жана Ички коопсуздук министрлигине иштин бардык чоо-жайын түшүндүрүү өтүнүчү жөнөтүлгөнүн, бирок жооп келе электигин билдирүүдө.
Ошону менен бирге элчилик маркумдун бир тууганы менен тыгыз байланышта сүйлөшүп, документтерин даярдашып жатканын билдирген. маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү аракети жүрүп жатат.
Мурдараак, » Трак айдаган айдоочу айлыгын ала албай калып, унааны айдап качты«-деген маалымат таркаган. Расмий булактар бул маалыматты тастыктаган жок.
АКШда кыргызстандык жаранды полициянын огунан каза болгону айтылууда