7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

90 миң 450 нускада “Алиппе” китеби басылып чыкты

741

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-класстары үчүн 90 миң 450 нускада “Алиппе” окуу китеби басылып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Китеп республикалык бюджеттен китеп басып чыгарууга бөлүнгөн каражаттын эсебинен 20 млн 170 миң 350 сомго басылды.

Ошондой эле окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин мугалимдери үчүн 721 миң 285 сомго 3 миң 985 нускада “Алиппе” методикалык колдонмо басылып чыкты. «Алиппе» окуу китеби жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмо аймактардагы мектептерге таратыла баштады.

Окуу китептерин “Учкун” ААК басып чыгарууда.

 

742