7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

90 миллионго жетмейинче токтоо жок. Түркиянын туризм министри 5 жылдык стратегиясын жарыялады

346

2022-жылы Түркияга 51,4 миллиондон ашык турист келген. Бул тууралуу Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой өлкөнүн бажы кызматына таянуу менен билдирди.

Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун айтымында, 2022-жылы Түркияга 51,4 миллиондон ашык турист келген. Өлкөнүн туризм көрсөткүчү 65% калыбына келип, пандемияга чейинки сандарга дээрлик жеткен. Муну менен Түркиянын туризм кирешеси 2019-жылга салыштырмалуу 19% өсүп, 46,3 миллиард долларды түзгөн.

“Бул жыйынтыктар биз үчүн чек эмес. Туризм боюнча көрсөткүчүбүз пандемияга чейинки калыбына кайра келди десек болот. 2028-жылдын аягына чейин биз 90 миллион турист тосуп, 100 миллиарддан доллардан ашык пайда табабыз деп ишенебиз” – деди Мехмет Нури Эрсой.
Ошондой эле туризм министри Эрсой өзү жетектеген тармак боюнча алдыңкы 5 жылдык пландары менен бөлүштү.

“Алдыдагы 5 жылда туризм боюнча максаттарыбызга жетүү үчүн биз рыноктун диверсификациясына, белгилүү аймактарыбыздын жана өнүмдөрүбүздүн глобалдык жарнамасына жана брендине жана туруктуу туризм эко-системасынын түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурабыз. Түркия Глобалдык Туруктуу Туризм Кеңеши (GSTC) менен өкмөттүк деңгээлде кызматташуу келишимине кол койгон дүйнөдөгү биринчи өлкө. Биздин GSTC менен келишимибиз 2030-жылдын аягына чейин 3 баскычтуу планда бекитилген. Биз бул бекитилген убакытка чейин 100% туруктуу туризм экосистемасын түзөбүз. Брендинг жана глобалдык таанытуу иш-чараларыбызды мындан да күчөтөбүз. 2028-жылдын аягына чейин өлкөбүз бүткүл дүйнөлүк туризмге жалпы 9 дестинация жана 20 суб-бренд продукт көрсөтөт. Биз коммуникация, байланыштарды толугу менен колдонуп, 2028-жылга 225 миллион долларлык маркетингдик бюджет менен иштейбиз” – деп кошумчалады Түркиянын маданият жана туризм министри.

Муну менен катар Мехмет Нури Эрсой алдыда Түркияда туризмди таанытуу иш-чараларында велосипед туризми, гастрономия, спорт туризми жана MICEге өзгөчө көңүл бурулаарын айтып, өлкөдө 12 ай бою 81 шаарга туристтик камсыздоону диверсификациялоо менен бирге ден соолук туризмине да маани берилерин билдирди. Мындан тышкары Таш Тепелер аймагында археологиялык казуу иштери улантат. Сиде-Анталья, Гөреме-Кападокия, Измирдеги Пергамон жана Асклепион жерлеринде жана Ликия жолунда жаңы археологиялык парктар ачылат

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

347