7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Санын кыскартуу керек…» Жапаров Экономика министрлигинин аткаруучулук тартип боюнча ишин сынга алды

362

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин Администрациясынын коллегиясын өткөрдү.

Кеңешменин күн тартибинде 4 маселе белгиленген, атап айтканда, экономика жана коммерция министри  Данияр Амангелдиевдин жана финансы министри Алмаз Бакетаевдин баяндамалары (Президенттин жарлыктарын жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткаруу боюнча) угулду.

Министрлер Кабинетинин башчысы министрлердин отчетторун уккан соң Экономика жана коммерция министрлигинин аткаруучулук тартип боюнча ишин сынга алды.

«Эмне себептен аткаруу мөөнөттөрү бузулган каттардын саны көп болууда. Орун басарларыңыздар эмне иш кылууда, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткара алышпаса, алардын санын кыскартуу керек», — деди Акылбек Жапаров жана аткаруучулук тартипти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Сиздерде февраль айынын соңуна чейин убакыт бар», — деди Акылбек Жапаров.

Андан соң 2022-жылга Антикризистик чаралар планынын аткарылышы боюнча баяндама угулду. Белгиленгендей, 51 иш-чаранын 46сы аткарылган.

Маселен, Антикризистик чаралар планынын пункттарынын бири катары жөлөкпулдарды көбөйтүү белгиленген, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чаралар каралган.

Аталган чаралар толугу менен ишке ашырылды.

Министрлер Кабинетинин башчысы пландын аткарылбай калган пункттары 2023-жылга которулганын айтып, алардын аткарылышынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

363