Сузактагы карылар үйүнө барып келдим. Ал жерде 92 кары болсо, ошонун 84ү кыргыздар экен. Качан кыргыз ата-энесин таштады эле?! Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев парламенттин жыйынында билдирди.
«Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы карылар үйүнө барып келдим. Ал жакта 92 карылар бар болсо, анын 84ү кыргыздар экен. Кечээ, Бишкек шаарындагы карылар үйүндө болуп келдим. 226 кары бар экен, ошонун 45 пайызы кыргыз абышка-кемпирлер. Качан кыргыз ата-энесин таштады эле?! Ошол кемпир-чалдар балдарынын төрүндө отура турган мезгилде карылар үйүндө отурат. Ушуну эске алып, балдарга тарбия берүү максатында УТРКдан чыгарбайлыбы. Мурда «Насаат», «Балдарга» тарбия деген берүүлөр берилчү эмес беле. Каналды көрсөң дайыма концерт, жарым жылаңач кыздар… Баарыбыз чогулуп, ушул маселени көтөрөлү, көзөмөлгө алып коюңуздарды суранам», — деди ал.