Бүгүн 1-февралдагы парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев «Төрага ордуна көп отурбайт»,- деген суроолорго жооп берди.
«Талаптарды катуу күчөткөндөн кийин менин дарегиме дагы кыйыр түрдө суроолор болуп жатат. Көбүнчө сиз ордуңузда отурбай жатасыз, өзүңүздөн баштабайсызбы» деп. Мен Жогорку Кеңештин төрагасы катары бир топ мамлекеттик маанилүү иш-чараларга катышат экенмин, аны жакшы билесиздер. Андан тышкары, коомдогу ар кайсы топтордун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын миссияларынын жетекчилерин менен кабыл алуу болот экен. Чет өлкөлүк элчилерди кабыл алып жатабыз. Мен бул жерде отурбаганым менен өз ишимди аткарып жатканымды белгилеп коеюн. Биздин үч орун басарыбыз бар аны билесиздер, жыйынды кезегинен алып бара берет, менин жоктугуман жыйын эч кандай үзгүлтүккө учурабайт»,- деди ал.