Бишкектеги Ала-Тоо аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда атайын техникаларды жана жаңы автобустарды тапшыруу аземи өттү.
Мамлекет башчысы бардык атайын техникаларды карап чыгып, жаңв автобустардын техникалык мүнөздөмөсу менен таанышты.
Белгилей кетсек, атайын техникалар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына берилди. Мындан тышкары, Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине жаңы автобустардын ачкычтары тапшырылды.