7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

90 жолу кастингден өтпөй калган актриса Ханде Эрчел киного тартылуу үчүн арыктаганбы?

652

Актриса Ханде Эрчел 1993-жылы 24-ноябрда Бандырма шаарында төрөлгөн. Ал “Постучись в мою дверь” сериалы чыккандан кийин дүйнөгө таанымал болгон.  Бул макалада Ханде тууралуу фактыларды айтып беребиз.

1. Ханде өзүнүн кичинекей Бандырма шаарын жакшы көрөт. «Мен Стамбулда чоңойгум келген эмес. Менин кичинекей шаарымда баары бири-бирин тааныйт, тааныш, ушул себептен эркинсиң. Балдардын баары сыртта нан менен томат пастасын жеп бир конушта чоңойдук. Бизде тартип күчтүү эле, атам коңшу айылдарга бизди чыгарбачу»,- деп интервьюларынын биринде билдирген.
2. 17 жашында Стамбулга көчүп келип, бала кезинен чыгармачылыкка жакын болгондуктан Стамбулда университетке тапшырып, түрк искусствосу боюнча билим алган.
3. Ханде 11 жылдан бери Стамбулда жашайт. Ийгиликтүү долбоорлордун аркасында ал болжол менен бир миллион долларга кымбат баалуу үй сатып алган. Белгилүү болгондой, актриса оңдоо иштерине дагы жүз миң доллар сарптап, курулушчулар менен келишим түзүп, ага ылайык алар анын үйүндө иштеген сүрөттөрүн көрсөтүүгө укугу жок болгондугу маалым.
4. Анын Гамзе деген жалгыз эжеси бар. Ал турмушка чыгып, анын Мави аттуу кызы бар. Мави менен Ханде аябай жакын, бардык бош убактысын аны менен өткөрүүгө аракет кылат. Ошондой эле, Ханде балдары Мавиге окшош болсо экен деп кыялданат. Учурда кичинекей Мави рак оорусуна чалдыгып , даарыланууда.
5. 19 жашында актёрдук карьерасын куруу үчүн университетти таштаган. Алгач Азербайжанда өткөн сулуулук сынагына катышып экинчи орунду ээлеген.


6. Ханде биринчи ролун аткарганга чейин 90 жолу кастингден өтпөй калган. Ханде дароо эле киного кире алган эмес. Актрисанын дебюту 2013-жылы болгон. Ал “Королек птичка певшая” сериалына роль ойноого алынган.
7. Көптөгөн режиссёрлор кызды толук деп эсептеп, аны менен кызматташууну каалашпаган. Ошондон кийин Ханде аракет кылып, арыктай баштаган. Ал туура тамактанып, спорт менен машыккан.
8. 2016-жылы «Гүнештин кыздары» сериалынын бет ачары болуп, анда Ханде башкы ролдо ойногон. Түрк драмасы актрисага атактуулуктун биринчи бөлүгүн алып келген. Андан кийин “Сүйүү сөздү түшүнбөйт”, “Кара бермет”, “Шакек”, “Азиз” жана башка ийгиликтүү долбоорлор менен иштешкен.
9. Ханденин апасы 2019-жылы дүйнөдөн кайткан. Ал рак оорусу менен күрөшүп, бирок жакшы боло алган эмес.
10. Постучись в мою дверь (Эшигимди каккыла) сериясы чыккандан кийин ага атактуулук алып келген. Сериалдагы сүйүү чыныгы жашоого айланып Керем Бюрсин менен кыз жигит болушкан. Бирок, 2022-жылдын жаз айынын башында, айрым жолго түштү деген сөздөр тараган. Ханде инстаграммдан чогуу түшкөн бардык сүрөттөрүн өчүрүп, андан отписка кылган. Ушул убакка чейин актриса алардын ажырашуусу тууралуу комментарий бере элек.
13. Эрчел сүрөт тартканды жакшы көргөндүтөн, бош убактысында сүрөт тартат. Актриса өнөркана ачып, жасаган иштерин башкаларга көрсөтсөм деп кыялданат.
14. Ал жаныбарларды жакшы көрөт. Учурда эки ити бар.
15. Жеке жашоосуна журналисттердин кийлигишүүсүнө каршы.
16. Ханде Эрчел кайрымдуулуктун элчиси. Апасы рак оорусунан каза болгондон кийин ушул сыяктуу көйгөйлөрү бар адамдарга жардам берүүнү чечкен.
17. Ханде деген ысым «жылмаю» дегенди билдирет.
18. Ресторандардагы официанттарга орой мамиле жасагандарды жаман көрөт.
19.Ханде Эрчел кичинекей кезинен популярдуу болууну эңсеген.
20. Мектепте окууганды жаман көргөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

653