Токмоктогу мал базардан 120 миң сомун уурдаткан аксакал акчанын бир бөлүгүн Канаттын дарылануусуна берүүнү чечти. Бул тууралуу баланын атасы БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов Фейсбукка жазып чыккан.
«Бүгүн Канат иммунотерапияны сегизинчи күн алып жатат. Эртең менен бизге Токмок шаарынан милициянын подполковниги телефон чалды. Жакында бир окуя болуп, карыянын акчасын мал базардан уурдап кетишип, ага жанындагы адамдар акча чогултуп беришкен. Милиция кылмышкерди кармап, ал келтирилген чыгымды калыбына келтирди. Ал эми бүгүн чоң ата бул акча менен Канатка жардам бергиси келип жатыптыр», — деп жазды ал. https://www.facebook.com/profile.php?id=100005852776722
Кичинекей Канатка 2021-жылдын декабрында сөөк метастаздары менен IV стадиядагы нейробластома диагнозу коюлган.