7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу долбоору ишке ашырылууда

417
Кыргызстанда Бишкектин Ленин жана Биринчи Май райондорундагы жаңы конуштарда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну эки эсеге көбөйтүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева билдирди.
Анын айтымында, Садыр Жапаров 2026-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камтууну эки эсеге көбөйтүү милдетин койгон. 2022-жылдын 22-декабрында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тиешелүү токтомго кол койгон. Анда бала бакчаларды ачууну жана өнүктүрүүнү жөнөкөйлөтүү жагы каралган.
Учурда жеке ишкердик менен алектенген жарандар тарабынан турак жайларда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга көмөк көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Долбоор Бишкек шаарынын Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо жаңы конуштарында иштеп баштайт. Атайын кыска мөөнөттүү окууну аяктаган жана жеке ишкер катары катталган аялдар турак жайларда үй тибиндеги бала бакчаларды ача алышат.
500гө жакын аял мектепке чейинки билим берүүнүн, санитардык жана өрт коопсуздугунун, ишкердиктин негиздери боюнча окуудан өтүшөт. Турак жайдагы үй тибиндеги бала бакча ачууну каалагандар үчүн мамлекет жеке ишкер катары каттоого жана иш жүргүзүүгө жардам берет.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Министрлер кабинети президенттин буйругун жана өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында реформаларды даярдоо боюнча комитеттин чечимин аткаруу үчүн “Өкмөттүн акселераторлору” программасы ишке киргенин жарыялаган.
Программанын максаты –социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө тездетилген (100 күндүн ичинде) чара көрүү үчүн мамлекеттин жана коомдун күч-аракетин мобилизациялоо жана бириктирүү.
«Өкмөттүн акселераторлорунун» багыттарынын бири — мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү болуп саналат.
Бүгүнкү күндө статистика боюнча республикада балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу болгону 23,9%ды түзөт. Айыл жергесинде жашаган көптөгөн балдар, ошондой эле Бишкекке жана башка шаарларга жанаша жайгашкан жаңы конуштарда жашаган ички мигранттардын же калктын социалдык жактан аялуу катмарынын балдары мектепке чейинки билим берүүгө мүмкүнчүлүгү жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

418