Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россиядагы расмий иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанында орун алган Белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды.
Төрага делегация мүчөлөрү менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.
Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Россиядагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык жыйындын мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушат.