Кыргызстанга Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино биринчи ирет келет.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Инфантинонун Кыргызстанга сапары 4-5-майга белгиленген. Анын алкагында Жанни Инфантино президент Садыр Жапаров менен жолугат. ФИФАнын жетекчиси менен президент Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда.
Белгилей кетсек, кеңсенин курулушу FIFA Forward программасынын долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Мындан сырткары, жолугушуулардын жүрүшүндө ФИФАнын Кыргыз футболдук союзунун демилгелерин колдоо, атап айтканда, өлкөдөгү футбол инфраструктурасын жакшыртуу жана ата мекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Жанни Инфантино Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен Кыргызстанга келет.