Эртең, 26-апрелде Жогорку Кеңештин жыйыны өткөрүлбөйт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Күн тартибине киргизилген мыйзам долбоорлорунун демилгечилери жүйөөлүү себептерден улам жыйынга катыша албагандыгына байланыштуу эртең, 26-апрелде каралуучу маселелер 27-апрелде өтө турган жыйналыштын күн тартибине бириктирилди»- деп берилет маалыматта.