7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Бишкектин Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлер менен жолукту

515

Пезидент Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Бишкек шаарындагы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого аттанган талапкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу ачык диалог, суроо-жооп форматында өттү.

Садыр Жапаров талапкерлерге кайрылып, бир округдан бир депутатты шайлоо болуп жатса, Президенттин талапкерлер менен жолугушуусу туурабы деген ар кандай суроо коомдо туулушу мүмкүн экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы кандай гана шайлоо процесси болбосун, ал чоң саясий окуя болуп саналат, деп баса белгиледи.

“Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында шайлоолордун жыйынтыгына бир нече жолу нааразычылыктар жаралып, элдин талаптары эске алынбай, тилекке каршы, 3 жолку төңкөрүштү башыбыздан кечирдик. Эң башкысы элдин бийликке болгон ишенимине доо кетти. Мына ошондуктан биз өткөндөн сабак алып, ар бир шайлоого терең маани берип, тыкыр көңүл буруп, аны ачык-айкын, таза өткөрүшүбүз керек. Элдин бул процесске ишеними болушу үчүн шайлоо маданиятын жогорулатууга жетишүү — биздин башкы максатыбыз болушу абзел. Бул үчүн бизде саясий эрк жетиштүү. Мындан тышкары, жаңы шайлоо технологияларын киргизүүнүн аркасында шайлоо процесси жакшырды – ал ачык жана айкын болуп калды. Кандайдыр бир адам фактору жокко чыгарылат», — деп белгилеген Президент, талапкерлерге БШКнын башчысы менен бирге экскурсия жасап, шайлоочуларды идентификациялоонун жогорку IT-технологиялары колдонулган жаңы система кандай иштээрин өз көзү менен көрүп чыгууну сунуштады.

Садыр Жапаров КРнын улуттук мыйзамдарын өзгөртүү жолу менен эл аралык стандарттарга ылайык, эркин жана демократиялык шайлоолорду өткөрүү үчүн укуктук шарттарды түзө алганыбызга көңүл бурду.

Ал убагында айрым талапкерлерге ар кандай артыкчылыктар берилип, “Президенттен бата алыптыр”, “бийликтин кишиси экен” деген түшүнүктөр болгонун эскертти. Айрым талапкерлер үчүн административдик машина иштеп, мамлекеттик жана социалдык тармактын кызматкерлери үгүт иштерине курал катары колдонулган. Ал эми айрым талапкерлерге бийлик тарабынан тескерисинче бут тосуулар болуп келген.

“Бүгүнкү күндө мындай адилетсиз, мыйзамсыз аракеттерге таптакыр жол жок. Бийлик тарабынан шайлоолорго ар кандай ыкма менен аралашууга жол бербейбиз. Бүгүнкү жолугушууга укук коргоо органдарынын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри жана башка жетекчилер келишти.  Сиздердин алдыңыздарда шайлоону өткөрүүгө тиешелүү жетекчилердин баарын эскертемин. Бир да мамлекеттик жана мунципалдык кызматкер үгүт иштерине аралашпасын”, — деп Садыр Жапаров белгилеп, бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлүшү керектигин айтты.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы шайлоону таза өткөрүү жеке эле мамлекеттик бийликтин милдети эмес, шайлоонун акыйкат жана ачык өтүшүнө ар бири өз салымын кошуш керектигин өзгөчө белгиледи.

Президент талапкерлерди мыйзамдуулукту так сактоого жана шайлоочулардын добушун сатып алууга, бюллетендерди сүрөткө тартып шайлоочулардан отчет алуу, добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу, шайлоочуларды шайлоо тилкелерине ташып келүүгө жол бербөөгө чакырды. Мындай мыйзам бузуулар жана башка мыйзамсыз аракеттер болгон учурда тиешелүү чаралар көрүлөт.

Садыр Жапаров бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөнүн, эми ошол түзүлгөн шарттарды бийик жоопкерчилик менен колдонуусун дагы бир жолу айтып өттү. Өз кезегинде талапкерлер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Садыр Жапаровго бир катар түрдүү суроолорду берип, аларга кеңири жоопторду ала алышты.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

516