Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Улан Карыпбековго депутат Жеңишбек Токторбаев жетектеп жаткан агенттиктин аталышын сурады.
— «Азыр жакшы мамлекеттик кызматка келиш үчүн же шопур болуш керек же катардагы офицер болушу керек. Улан Кадырсултанович сизди бул кызматка ким алып келди?»- деп сурады депутат.
— «Президенттин жарлыгы боюнча келдим» — деди ал.
— «Сизди мамлекет үчүн иштейт, оңдойт деп алып келди да, сиз тазасызбы? Ушул кызматка татыктуусузбу, кандай деп ойлойсуз?»
— «Ишеничти актаганга аракет кылам»- деди.
— «Азыркы ээлеп турган кызматыңыздын туура аталышы кандай? Окубай туруп айтып бериңиз»— деди депутат.
— Жетекчи так айта алган жок.
— «Билбейсиз, жок дегенде жаттап келбейсизби. Ушул сиз ээлеген кызмат азыр керекпи? Сиз баштаган агенттик эмне жумуш аткарат? Бир ай болду эмне жумуш аткардыңыз»— деди депутат.