11-май күнү Кочкор-Ата шаарындагы №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинен тез жардам кызматына чакыруу түшүп, 6-8-класстардын окуучуларынан 36 окуучу ооруканага алып келинген.
7-каналга Жалла-Абад ОИИБден билдиришкендей, мектеп окуучуларына медициналык жардамдар көрсөтүлүп, алдын ала «белгисиз заттан уулануу» деп аныкташкан.
Алдын ала иликтөө иштеринин жүрүшүндө мектептин коридорунда кандайдыр бир заттын жыттанганы, эч кандай тамак-аш, суусундуктар ичилген эместигин айтып беришкен.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар электрондук маалыматтарды каттоо журналына катталып, териштирүү иштери уланууда.