Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз кумар оюн жайынын бети ачылып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-апрелде тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө кумар оюн жайынан 327 000 сом акча жана 16 персоналдык компьютер табылып алынган.
Ошондой эле, аталган мекеменин жетекчиси Кыргызстандын Ж.А. аттуу жаранынан 597 200 сом, 4 800 АКШ доллары, 4 000 рубль жана 4 процессор табылган.
Учурда уруксаты жок иштеп жаткан кумар оюн жайларын аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram